Кыргызстанда элдик координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда “Чоң Казат” партиясынын лидери Максат Мамытканов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, кеңешке “Ордо” партияларынын лидерлери Мирбек Мияров, “Мекен Ынтымагы” Темирбек Асанбеков, “Реформанын” мүчөсү Урмат Жаныбаев жана “Ыйман Нуру” партиясынан Чыңгыз Макешев кирген.
Кеңеш мүчөлөрү бир күн мурун “Достук” мейманканасында Жогорку Кеңештин жыйынында бекитилген өкмөттү тааныбайбыз деп билдиришти.
«Биз буга чейин Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушканбыз. Ошондой эле, Элдик координациялык кеңешти түзүү боюнча билдирүүгө кол коюшту. Бирок андан кийин Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына анын талапкерлигин жактыруу үчүн барган. Ага алгач биз менен кеңешүү керектигин айттык», – деди Максат Мамытканов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ