Бүгүн, 7-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына люстрацияны талап кылган жаштар митинг өткөрүштү.
Алар бийликке эски саясатчылардын келишине каршы болуп, система жаңыланып, жаңы жүздөр келиши керек деген талап коюп жатышат. Алар Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын мыйзамсыз деп, жаштардын атынан Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка сунуш кылышты.
Митингчилер бул сунушту колдоп, Өкмөт үйү көздөй жөнөштү. Бирок, өкмөт үйүнүн алдында тургандар Тилек Токтогазиевди имаратка киргизбей жатышат.
Чогулган элдин бир бөлүгү “Садыр! Садыр!” деп кыйкырышса, бири “Тилек, Тилек!” деп кыйыкырып, эки тарапка бөлүнүштү.
Учурда жаштар Тилек Токтогазиевди өкмөт үйүнө киргизүүгө аракет кылып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ