“Саясат таанууда “төңкөрүштөр капканы” деген түшүнүк бар. Бул ар дайым кедейчилик менен чогуу жүрөт”, – деп билдирди саясат таануучу Даниэл Кадырбеков Twitter социалдык тармагындагы баракчасында.
Ал мисалга Африка континентин келтирип, ал жактагы көп өлкөлөрдө 2-3 жыл сайын төңкөрүштөр болуп турарын, андан улам экономиканын өнүгүүсү токтой турганын, элдер кедей болуп баштарын, андан кийин кайра төңкөрүштөр болорун билдирди.
“Кыргызстан дагы “төңкөрүштөр капканына” түшүп калды деп ойлойм. 2005-, 2010-жылдардагы жана азыркы болуп жаткан окуяларды карап көрсөңүз. Бизде да ар бир төңкөрүш болгон сайын элдин жана мамлекеттик органдардын потенциалы төмөндөйт, билим деңгээли төмөндөйт, экономикалык өнүгүү басаңдайт, кедейчилик көбөйөт. Ал көбөйгөн сайын нааразычылык потенциалы кайра күчөйт, төңкөрүш болот, жаңы лидерлер келет, жогорудагы окуялар кайра эле кайталанат да күчтүү мамлекет түзүүгө чоң жолтоо болот. Ошондуктан “төңкөрүштөр капканына” түшүп калдык деп ойлойм. Биз бул капкандан же циклден саясатчылардын аң сезимин өстүрүп чыгышыбыз керек. Мен ойлогом саясатчылар тынчтык жол менен функционалдык шайлоо өткөргөн маданият калыптанабы деп ойлосом, шайлоодон утулуп калган партиялар күч колдонуу менен бийликке келүү жолун тандашты, бул ошол саясатчылардын жеке кызыкчылыктары үчүн эле пайдалуу тенденция болбосо эл үчүн, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоол боло турган, кедейчиликти көбөйтө турган жол болду,” – деп билдирди Даниэл Кадырбеков.
«Тонкоруш капкан» жана анын кесепети биз учун. Про госпереворот и как это чревато для нас. pic.twitter.com/B8fIgacj4r
— DK (@Danielk1j) October 7, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ