Menu

Фото – ИИМ: Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты К. Асанов массалык баш аламандык учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-октябрда Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов КР ИИМдин Бейтапканасына барып, 4-5-октябрь күндөрү өткөн митинг учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалына кызыгып, ар бири менен сүйлөшүп, ИИМдин жетекчилиги керектүү жардам бере тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, адегенде ИИМдин бейтапканасында жаткан кызматкерлер менен жолугушуу учурунда Курсан Асанов аларга бекем ден соолук жана бат сакайып кетишин каалаган. Ошондой эле, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түздөн-түз кызматтык милдеттерине аткаруу үчүн тез арада сакайып, жолдошторунун катарына кошулушуна тилектеш экендигин билдирген.

Андан соң, бейтаптардын саламаттыгы жөнүндө маалымат алуу үчүн дарыгерлер менен жолуккан.

Дарыгерлердин айтымында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ар кандай оорлуктагы жаракат болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна учурда коркунучтар жаралган жок.

“Жарадар болгон милиция кызматкерлеринин абалы учурда туруктуу, бардык тиешелүү жардамдарды алууда. Дары-дармектер тиешелүү деңгээлде жетиштүү. Зарыл болгон дарылоо курсун алган соң алар кызмат өтөөгө чыгышат”,-деп дарыгерлер билдиришти.

Андан соң Курсан Асанов Бишкек шаарындагы №4 ооруканада болуп ал жерде жабырланган милиция кызматкерлеринин абалы менен жакындан таанышып, ден соолугун сурап, бардык керектүү медициналык жардам бериле тургандыгын белгиледи. Травматология жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков, Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыхановдор жабыр тарткан милиция кызматкерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүлө тургандыгын билдирди.

Учурда ИИМдин бейтапканасында 52, башка ооруканаларда 38 кызматкер андан сырткары амбулатордук режимде да бир катар кызматкерлер дарыланууда.

 

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: