Бүгүн, 9-октябрда Ош шаарында легитимдүү президент Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өтүп жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгы маалыматты тастыктады.
Министрликтин маалыматы боюнча, борбордук аянтка 500 адам чогулду. Көбүрөөк адамдар келип жатышат. Алар колдоруна жазуулары бар плакаттарды алып алышкан. Ал плакаттарда: “Сооронбай Жээнбеков – легитимдүү президент”, “Сооронбай Жээнбеков биздин президент” – деп жазылган.
Буга чейин мамлекет башчы кезектеги кыргыз элине кайрылуусунда кырдаал укуктук талаага келээри менен кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ