“Бүгүн, 9-октябрда өлкөбүздүн тагдыры чечилиши керек. Бүгүн биз кан төгүүгө жол бербешибиз керек жана Кыргызстанда тынчтыкты орнотуу үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек”, – деди Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров.
Ал ага каршы профессионалдык кара пиар жүрүп жатат деп эсептейт. Садыр Жапаров азыр анын бирден-бир каалоосу республиканы кризистен алып чыгуу. Жана түштүк жана түндүккө бөлүнүүсүнө жол бербөө.
«Биринчи кезекте, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүү, инвестициялоо объектилерин, чакан жана орто бизнести коргоону уюштуруу, социалдык төлөмдөрдү – пенсия, эмгек акы, жөлөкпулдарды жүргүзүү керек. Азык-түлүктүн баасынын секирип кетишине жол бербөө. Коррупциялык аракеттерди байкаган бардык кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ишти баштоо. Жерди массалык түрдө басып алууну токтоткула», – деди саясатчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ