Menu

ИИМ: Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков массалык баш аламандык учурунда жарадар болгон кызматкерлердин ден соолугу менен таанышты

Бөлүшүү:
Бүгүн, 11-октябрда Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ички иштер министрлигинин госпиталына барып, 4-5-октябрь күндөрү өткөн митинг учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалын сурап, ар бири менен сүйлөшүп, ИИМдин жетекчилиги керектүү жардам бере тургандыгын билдирди. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин бейтапканасында жаткан кызматкерлер менен жолугушуу учурунда аларга бекем ден соолук каалап, бат сакайып кетишин каалады. Ошондой эле, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түздөн-түз кызматтык милдеттерине аткаруу үчүн тез арада сакайып, жолдошторунун катарына кошулушуна тилектеш экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: