Menu

Генералдарга “таш ыргыткан” Мадумаровдун кемчонтойлугу

Бөлүшүү:

Кекирейген Адахан Мадумаров үзөңгүлөштөрү менен туруктуу мамиле кылганды үйрөнө албай койду. Эмесе, негиздүү жагдайларга токтолуп, ички келишпестиктерди ачыктап коелу.

Өткөн парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясы ийгилик жаратып, 7 пайыздык босогодон өттү. 10 жылдан бери жыдып келатканын билесиңер. Катарында Өмүрбек Суваналиев менен Курсан Асанов болгону үчүн жеңишке жетишкендери айкын. Тилекке каршы, Октябрь төңкөрүшү орун алып, кырдаал өзгөрүп кетти. Коопсуздук кеңешинин милдетин аткарган Суваналиев күч органдарын координациялап, УКМКны башкарып турганда, 8-октябрь күнү бир партиянын кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы элдин тынчтыгын сактоого кызмат кыларын билдирген. Агезде Асанов тарап кеткен ИИМди чогултуп, шаардыктардын коопсуздугун камсыздаганын билебиз. Дал ошол күндөрү, 10-октябрда 5-каналдан Нарын Айыпка маек берип, алысты көрө албаган Мадумаров дагы “агынан жарылды”. “Аларды ким жибериптир аякка?!” дегендей тескериленип…

Аз күн мурда Мадумаров эл менен жолугушуп атып, Суваналиевди депутат болуш үчүн гана кошулганын айтса, Асановду болсо Барпы театрынын алдынан учурашпай кеткенин билдирип, какшык аралаш сындады. Кызык, өзүнө кыл жугузбай эле генералдарды кемсинтип, алдыртан эле айыптай бергени кандай? Курсан мырза ак жеринен камалганда колдоп койбогон пендеге дагы эмнени айталы?..

Октябрь төңкөрүшүн эске салсак, үч күндүн ичинде Суваналиев менен Асанов тынчтыкты орнотушкан. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери качып кетишсе, элдин астына чыга ала турган профессионалдар катары экөө калса, анан тобокелдикке барышып, УКМК менен ИИМдин үзгүлтүксүз иштеп кетишин жолго салышты да. Же ага окшоп аянттан башка жеп, жашынып жатып алыш керек беле? Жалпы улуттук маселеге келгенде бир партиянын, же “Бүтүн Кыргызстандын” саясаты кеп болбой калат. Ушул жагын түшүнбөй эле Мадумаров кемчонтойлук кылып, улам бир жерден генералдарга “таш ыргытканы” – жаш баланын ызасындай образ жаратууда…

Aryba.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: