Кечээ, 11-октябрда 6-октябрда мекенине кайтып келген Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбековдон өлкөдө тартип орнотулганга чейин ыйгарым укуктарын өткөрүп бербөө өтүнүчү менен кайрылды. Мындай билдирүүнү ал өзүнүн Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыялады.
Анын айтымы боюнча, өлкөгө кедген күндөн бери бардык аксакалдар, бардык топтордун жана ар кандай жарандык бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушуп келет. Баарын, учурда борбор калаадагы окуялар жана башаламандык терең тынчсыздандырууда.
“Жердештерим жерибиздеги тынчтыкты жана бейпилдикти сактап калуу, кагылышууларды болтурбоо максатында мени Кыргызстандын бардык саясий күчтөрүнө кайрылуу жасоону өтүнүшөт. Биз өлкөбүздө мыйзамдуулукту жана тартипти сакташыбыз керек. Ошондуктан, мен дагы Кыргызстандын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго кайрылгым келет: Кыргызстандын көп улуттуу эли сизден мамлекеттин тагдыры, өлкөбүздөгү тынчтык жана тартип үчүн акылдуулукту жана жоопкерчиликти күтөт. Кыргызстанда туруктуулук камсыздалмайынча, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынан баш тартпашыңыз керек. Бул биздин бүткүл Элибиздин талаптары!” – деп айтылат кайрылууда.
https://www.facebook.com/MyrzakmatovMelisbek/posts/4024775417549230
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ