Menu

Тоолуу Карабакта ок атууну токтотуу келишими күчүнө киргенине карабай чабуул уланды

Бөлүшүү:

10-октябрь күнү түштө Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу боюнча келишим күчүнө кирди. Макулдашууга Москвада өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Армения, Азербайжан жана Орусия тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү кол коюшкан.

Чечим “гуманитардык максатта – Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун критерийлеринин негизинде туткундарды жана маркумдардын сөөгүн алмашуу үчүн” кабыл алынган.

Ошол эле маалда жаңжалдашкан тараптар ишемби күнү Карабакта дрондорду жана артиллерияны колдонуу менен кайрадан уруш болгонун кабарлашты.

Армения ТИМи азербайжан аскерлери ок атышууну токтотуу жөнүндө келишимди эске албай, 10-октябрь күнү түштө Карахамбейли чөлкөмүндө чабуул жасаганын билдирди.

Азербайжан Коргоо министрлиги болсо армян тараптын билдирүүсүн “каршылаштардын кезектеги калпы жана чагымы” деп атап, Армения ушул эле күнү эртең менен Геранбой, Тертер, Агжабеди жана Физулин райондорунда ок атканын айтты.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан бери кармаш токтобой жатат. Анда оор артиллерия, аскердик учактар жана дрондор колдонулууда. Кармаш үчүн Ереван менен Баку бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тоолуу Карабактын армиясы кармаш башталгандан бери 350дөй аскеринен айрылганын билдирди. Азербайжан тарап жоокерлер арасында кандай жоготуу болгонун так маалымдай элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: