Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына түндө карышкыр кирип келди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Жырткычтын көчө аралап жүргөнүн Балыкчы шаарынын тургуну Айтбек Өзүбеков тартып алган.
Маалыматтар боюнча, карышкыр айылга түнкү саат 23:04 чамасында түшкөн. Ал Жеңиш көчөсү менен бара жатканда тургундар көрүп калып, артынан чуркашкан. Бирок карышкыр токойду көздөй качып кеткен.
Жергиликтүү тургундардын айтымы бонча карышкырдын оң буту жарадар болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ