Menu

Премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

КР Премьер-министри Садыр Жапаров КР Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана эконимакалык реформалардын алдында турганын белгиледи.

«Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл.
Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш», – деди ал.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди. Алар:

– күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо;

– коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;

–  бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;

– донордук уюмдар менен жолугушуулрды өткөрүү;

– социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;

– салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;

– коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: