Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кылмыш-процессуалдык кодексинин 97-беренесинин негизинде 6-октябрда түзөтүү мекемесинен чыгууга уруксат берилген адамдарды кайра жаза мөөнөтүн өтөгөн мекемелерге кайтып келүүгө чакырат.
ЖАМКтын басма сөз кызматы билдиргендей, талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүшөт.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында соттолгон С.Авазов, Д. Мусакеев, Р. Төлөгөнов, А. Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылды.
Бүгүн Сапар Исаковго, Албек Ибраимовго, С. Куланбаевге, Б. Куланбаевге берилген өргүүнүн мөөнөтү аяктайт. Алар азырынча ЖАМКтын мекемелерине кайтып келе элек.
Ал эми мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу ЖАМКтын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ