Menu

Муфтият коомчулук менен тыгыз байланышты күчөтүү максатында darulifta.kg сайтын иштеп чыкты

Бөлүшүү:

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы элибизге шарияттын туура жетүүсү жана суроолорго жооп берип, калк менен тыгыз байланышты күчөтүү максатында darulifta.kg сайтын иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

darulifta.kg сайтында агартуучулук, тарбиялык жана билимди жогорулатуу  максатындагы маалыматтар камтылган. Эми жарандарыбыз  darulifta.kg  сайты аркылуу суроо узатып,  квалификациялуу адистердин кеңештерин алышса болот.

“КМДБнын фатва бөлүмүнүн адистери жеке жана маанилүү маселелер боюнча  кеңеш берүүгө даяр. Бардык жооптор Ханафи мазхабынын негизинде, Курани карим жана хадистер менен далилденет. Жооптор жеткиликтүү тилде берилет”,- деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Рафаил ажы Татиков.

Сайттын максаты:

1. Ислам дини боюнча ишенимдүү маалыматтарды жана фатваларды берүү

2. Шарият маселелери боюнча бардык каалоочуларга сапаттуу жооп берүү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: