Menu

Фото – ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты

Бөлүшүү:

ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына белгисиз адам ок атуучу курал менен жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Алынган ыкчам маалыматтын негизинде ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ош облусунун жашоочусу 37 жаштагы А.С. кармалган.

Кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан мыйзамсыз алып жүргөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчага окшош курал табылган.

Аталган факты КР Жазык кодексинин 255-беренесинин (Курал-жаратарды этиятсыз колдонуу) негизинде КЖБРге катталган.

Ошондой эле, кармалган жаран “CHRYSLER 300 C” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн.

Азыркы учурда топтолгон материалдар Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБдин Тергөө кызматына жөнөтүлдү.

Аталган факты боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

   

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: