“Жаштар биздин келечегибиз!” – деген анык болсо анда баарыбыз, жалпы коомчулук Темирландай көкүрөгүндө жалы бар прогрессивдүү азаматтарды колдоого алышыбыз керек”, – деп мындай пикирин Фейсбук баракчасына Сеид Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, Темирлан Султанбеков мыйзамсыз камакка алынган.
“Биз, Темирлан Султанбековдун партиялык үзөнгүлөштөрү, соратниктери ал эч бир мыйзамсыз камакка алынды деп эсептейбиз! Ал жаш лидер катары чындыкка тике карап, өлкөбүздүн өнүгүп өсүшү үчүн, мамлекетибизде акыйкат, мыйзамдуулук орун алышы үчүн, келечегибиздин ээлери болгон жаштардын таламын талашып жана да коомубуздагы коррупциялык элементтерге каршы ачык пикирин ар дайым билдирип келген. Дагы да баса белгилейбиз: Темирлан ар дайым жана ар качан кара кылды как жарган чындыкты гана айтып келген! Эгерде чындап эле баарыбыз белгилеп келгендей «Жаштар биздин келечегибиз!» деген анык болсо анда баарыбыз, жалпы коомчулук Темирландай көкүрөгүндө жалы бар прогрессивдүү азаматтарды колдоого алышыбыз керек”, – деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбековду 5-9-октябрда Бишкекте болуп өткөн баш аламандыктарды уюштурууга катышкан деген шек менен 2 айга, 10-декабрга чейин Бишкек СИЗО-1 ге камакка алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ