Menu

“Кыргызстан жашылдар” партиясы шайлоо босогосун 1%га чейин жана шайлоо күрөөсүн 50 миң сомго чейин түшүрүүнү колдойт

Бөлүшүү:

“Кыргызстандын жашылдар” партиясы шайлоо босогосун 1%га чейин төмөндөтүүнү жана шайлоо күрөөсү 50 000 сом болушун колдойт. Бул тууралуу аталган партиянын кайрылуусунда айтылат.

Алардын айтымы боюнча, шайлоо босогосу 7% жана шайлоо күрөөсү 5 млн сом болушу, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Республика” сыяктуу партиялардын добуштарды сатып алуусуна алып келди. Дал ушул жогорку шайлоо босогосу таза эмес шайлоолорго, шайлоочулардын  добушун сатып алууга, элдин кыжырына тийип, 2020-жылдын 5-октябрында массалык нааразычылыктарга жана Ак үйдү басып алууга алып келген.

“Кыргызстан жашылдар” партиясы бир катар жылдардан бери парламенттин 6-чакырылышынын депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылып, шайлоо босогосун 1% га чейин жана шайлоо күрөөсүн 50 миң сомго чейин түшүрүүнү жактап келген” – деп айтылат кайрылууда.

Аталган партия август айында акыйкатсыз шайлоолорду, коомдогу туруксуздукту жана башаламандыкты алдын ала көрүп, Кыргызстандын Жашылдар партиясы олигархиянын жана коррупциялашкан өкмөттүн эрежелерин боюнча ойноодон баш тартып, жарандарды “бардыгына каршы” добуш берүүгө үндөдү.

“Шайлоонун жогорку чеги жана күрөө катардагы жарандар үчүн эмес, олигархтар, кылмышкерлер жана уурулар үчүн иштелип чыккан. Демократиялык шайлоо жараянынын мисалы болуп Грузия, Израиль эсептелет, анда шайлоо босогосу 1%, ал эми Европа Парламенти – 0,5%.

Эгерде босого 1%га төмөндөтүлүп, күрөө 50 миң сом болсо, шайлоого бардык саясий күчтөр катыша алат. Шайлоо жарышына ар кандай көз караштагы, платформасындагы жана позицияларындагы 200дөн ашуун саясий партиялар катышсын!

Бул учурда, “Бир шайлоо округу – Бир мандат” деген адилеттүү принцип ишке ашат, ошондо шайлоочулар үчүн чыныгы атаандаштык болот” – деп айтылат кайрылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: