Menu

Ирина Карамушкина Бабанов тууралуу суроого жооп берип жатып сөздү Атамбаевге бурду

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-октябрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда  9-октябрда болгон башаламандык боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасын каралды. Анда от имаратынын алдына ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун  тарапташтары чогулуп, камакка алынгандарды бошотууну талап кылышууда.

Колдоочулардын арасында Ирина Карамушкина да жүрдү. Ал журналисттердин Өмүрбек Бабанов тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып, сөздү кайрадан эле Атамбаевге бурду.

“Өмүрбек Бабанов жөнүндө… Чынын айтканда, мен дагы учуп кетти имиш деген маалыматты ЖМКлардан окудум… Демек, Өмүрбек Бабанов Атамбаев эмес. Атамбаевдин өлкөдө калууга көбүрөөк кайраты, мүнөзү бар. Аны үчүнчү жолу УКМКнын СИЗОсуна камашты. Үчүнчү жолу анын үйүн бүлүндүрүштү, үчүнчү жолу атайын күчтөрүн басып алышты. Бирок ошол эле учурда ал эч жакка качкан жок, дагы деле болсо биз менен  жана өлкө үчүн эч кандай мыйзамсыз, коркунучтуу, кылмыштуу иш жасаган эместигин далилдөөгө аракет кылат” – деди Карамушкина.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 5-октябрдагы башаламандыктан кийин УКМКнын СИЗОсунан бошотулган. 10-октябрда массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы тергөө тапшырмасынын негизинде өткөрүлгөн ыкчам-издөө чараларынын натыйжасында Алмаз Атамбаев жана анын тарапташтары кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: