Menu

Студенттер дебаты Баш мыйзамдын талкуусуна арналды

Бөлүшүү:

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда студенттердин парламенттик дебаты болуп өттү. Бул тууралуу ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.

Аталган жогорку окуу жайдын жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулган дебатта факультеттердин мыкты студенттери катышты. Дебатта алар негизинен Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү багытындагы  ой-пикирлери боюнча беттешти. Беттешүү жараянында атуул катары көз караштарын билдирген жаштар Баш мыйзамга  өзгөртүүлөр жана  толуктоолор киргизүүнүн азыркы мезгилдеги зарыл шарттарын илимий негизде  түшүндүрүп берүүгө аракеттеништи. Мыйзамдуулук боюнча атайын жогорку билим алып жаткан мыкты студенттер коомдогу абалга терең анализ жасоо менен бирге  кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын да мисалдар менен далилдөөгө далалаттанышты.

Эң актуалдуу ой-пикирлери менен мыйзамдуулукту айкалыштыра билген студенттер өзүнүн туура позициясын коргоп чыгып атаандаштарын жеңүүгө жетишти. Аягында сот- прокурордук факультетинин командасы  биринчи орунду ээледи. ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов кызуу талкуулар менен өткөн беттешүүлөрдө уюшкандыкта катышкан студенттерге ыраазычылыгын айтып, аларга  ректораттын атынан атайын диплом жана акчалай белектерин тапшырды. Мында жаштар коомдогу өзгөрүүлөргө  карата активдүү позицияда тургандыктары айкын болду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: