Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын абагына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-октябрда УКМКнын жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын СИЗОсуна алынып келинген, ал 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү, соттун мыйзамсыз чечими менен, түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган.
Учурда Дүйшөнбек Зилалиев КРнын УКМКнын СИЗОсуна жеткирилди.
Митингчилер тарабынан бошотулган жана камактан жазасын өтөп жаткан жерлерден мыйзамсыз чыгып кеткен адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча УКМК менен КРнын Ички иштер министрлигинин биргелешкен ыкчам иш-аракеттери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ