Menu

Аял жашы жете элек кыздын кыздыгын 20 миң сомго сатууга суранып, сойкулукка тартууга аракет кылган

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту  Л.М.га карата сот чечимин чыгарды. Жарлыкта айтылгандай, ал жашы жете элек кызды сойкулукка тартууга аракет кылган.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын декабрь айында Л.М. кыздыгын 20 миң сомго сатуу үчүн жашы жете элек Ж.П.ны сойкулукка тарткан.

Аялга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Сойкулукка тартуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө милицияга Ж.П.нын мыйзамдуу өкүлүнөн билдирүү келип, ал Л.М.га каршы козголгон кылмыш ишин токтотууну суранган. Себеби келтирилген материалдык жана моралдык зыян толугу менен төлөнүп берилет. Бирок, чечимде айтылгандай, бул айыптоо жеке-мамлекеттик айыптоого тиешелүү, андыктан кылмыш иши токтотулууга жатпайт, бирок сотко жиберилген.

Жабырлануучунун өзү жана анын мыйзамдуу өкүлү Россияда иштеп жатышат.

Ал эми айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды. Ал кылган ишине өкүнүп, аны түрмөгө камабоону суранды.

Сот аны 166-берене боюнча күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул менен 5 жылга эркинен ажыраткан.

Мунапыс боюнча аял бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: