Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан төлөнгөн бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда КР ЭСӨМдүн басма сөз кызматы билдирди.
Акчалай төлөмдөрдү жеткирүү кызматтарын эске алуу менен ушул жылдын октябрь айына карата 747605,9 миң сом каржыланган:
Калкка социалдык жардам: 747 605,9.
Анын ичинде:
– үй-бүлөгө көмөк- 295 012,44;
– ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар- 303 760,1;
– акчалай компенсациялар- 81 090,3;
– Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү стипендия- 526,1;
– Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү стипендияга кошумча- 1 234,1;
– сөөк коюга жөлөкпул- 1 370,3;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул- 33 002,0;
– 2010-жылдын апрель-июнь айларында болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алган КРнын жарандарына бир жолку материалдык жардам- 104,8;
– протездөө- 5 164,5;
– ай сайын кошумча социалдык жөлөкпул- 1 831,0;
– кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар (Аксы окуялары)- 87,9;
– балага сүйүнчү- 24 422,4.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ