Бишкекте чет элдик жаранды сабап кетишти. Жабырлануучу менен тартылган видеотасма социалдык тармактарда жарыяланган.
Видеотасмада “кечээ кечинде Бишкекте, 10-кичи райондо кубалык Хосе аттуу чет элдик жаранды сабап кетишти. Милиция кол салгандарды издеп жатат” деп жазылган.
Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын айтымында, кечээ кечинде милицияга Х.Х аттуу адам денесине келтирилген жаракат менен медициналык жардам сурап Улуттук госпиталга кайрылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине тергөө-ыкчам тобу барган. Бирок алар жабырлануучудан арыз ала алышкан эмес, анткени ал мас абалда болгон.
Факт КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси “Бейбаштык” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кубанын жаранына кол салган деп шектелип 27 жаштагы Ж.Ч., 32 жаштагы Т.Р. жана 31 жаштагы К.И. кармалды.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бардык керектүү тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат.
https://www.instagram.com/p/CGSsaAcFzc4/
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ