Menu

КР ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон мекендештерин издөө боюнча иштерди улантылууда

Бөлүшүү:

КР ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде Россия Федерациясынын аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерин, анын ичинде ар кандай шарттарга байланыштуу туугандары менен байланышты үзгөндөрдү издөө боюнча ар тараптуу иштерди улантып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын аралыгында ИИМдин Өкүлчүлүгүнө Россия Федерациясынын аймагында дайынсыз жоголгон туугандарын издөөгө көмөк көрсөтүү тууралуу 62 жаран кайрылган.

Андан сырткары, өткөн жылы дайынсыз жоголгон 4 жарандын кайда жүргөндүгү такталууда. Ошондуктан, бул отчеттук мезгилде туугандары менен байланышты үзгөн 66 жаран изделип келген.

Москва шаарынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында жоголгон жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоого багытталган бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында 46 жаран табылган.

Азыркы учурда дайынсыз жоголгон 20 адамдын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча бирдиктүү иш-чараны жүргүзүү уланууда.

Анын ичинен өткөн жылы жоголгон 13 адам изделүүдө.

Ушул жылдын сентябрь айында дайынсыз жоголгон туугандарын издөөгө көмөк көрсөтүү боюнча 15 кайрылуу түшүп, алардын ичинен 9 (алардын ичинен 3 адам ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн кармалып, абакта экендиги аныкталган) жаран табылган.

Такталбай калган 6 жаран бар болгондуктан (алардын ичинен 4 өткөн жылы жоголгондор, бир арызда болсо, тууганы 15 жыл мурда жоголгондугу көрсөтүлгөн) алардын кайда экендигин аныктоо боюнча иштер уланууда.

“Дайынсыз жоголгон же туугандары менен байланышты үзгөн жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоо үчүн маалыматтык-аналитикалык камсыздалуу зарыл. Издөөгө алынган же дайынсыз жоголгондорду издөөнүн натыйжалуулугу өз убагында жана сапаттуу зарыл болгон маалыматтарды топтоодон, аны талдоодон көз каранды болот. Жарандардын дайынсыз жоголуусунун себептери менен жагдайлары ар дайым көңүл чордонунда болгон. Мындай иштерди иликтөөдө жаралган оорчулуктун себептеринин бири болуп төмөнкүлөр эсептелет: жарандардын өз убагында кайрылбоосу, жашаган жерин тез-тезден алмаштыруусу, өз укуктарын түшүндүрүү боюнча кыйынчылыктар, айрымдар кармалып калгандыгын айтууну каалабаган же корккон жарандар бар”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: