Menu

Садыр Жапаров: “Криминал толугу менен жок болот, биз аны менен күрөшөбүз”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Жыйынга Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен чогуу келди. Жыйын башталып, депутат Дастан Бекешев Садыр Жапаровго суроо узатты.

“Жекече мен сизге каршы эмесмин. Өткөн отурум легитимсиз өткөн. Биз азыр мыйзамдаштыралы. Менде 3 суроо бар”, – деди ал.

Биринчи суроо: Сиздин сот чечимиңиз боюнча кандай чыкты?

Жапаров сот чечими мурдагы өкүмдү жокко чыгарганын белгиледи. Анан кайра тергөө органдарына жөнөтүлгөнүн билдирди.

Экинчи суроо: Криминал менен күрөшөсүзбү?

Садыр Жапаров: “Криминал толугу менен жок болот, биз аны менен күрөшөбүз. Келгиле криминалды жок кылып, таза өнүккөн мамлекетти түзөлү”.

Үчүнчү суроо: Экономиканын абалын көрүп жатасыз? Ошону кандай кылып көтөрөсүз?

“Менин киришкениме 3 эле күн болду. Тапшырманы бердим. Толук маалыматты жуманын аягында алып келет. 5-10 күн убакыт бергиле”, – деди Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: