Menu

Садыр Жапаров Аида Касымалиеваны коркутуулар боюнча: Бизге каршы экинчи күчтөр иштеп, мени УКТ менен байланыштырууга аракет кылып жатышат

Бөлүшүү:

“Сиз премьер-министрликке талапкер катары бир дагы жолу чыгып элди тынчтандырып, агрессияны жоюп, тарапташтарыңызга кайрылып койгон жоксуз. Эмнеге?” –  деп сурады бүгүн, 14-октябрда ЖКнын жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровдон.

Аида Касымалиева, буга чейин ага, Жогорку Кеңештин Аппаратынын юристтерине “ЖКнын 10-октябрдагы токтомуна кол кой” деп коркутуулар болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров азыр интернеттин заманы экенин, Кыргызстанда 6,5 млн эл бар экенин, анын барын тыя албай турганын билдирди.

“Бизге каршы экинчи күчтөр иштеп, мени жаман көргөзүш үчүн “криминал менен жолукту” ж.б. деп жазып жатышат. Андайга ишенбеңиздер, андай болгон жок” – деп жооп берди.

Белгилей кетсек, кечээ Аида Касымалиева 3 күндөн бери “үйүңө келип өрттөп кетебиз, талкалайбыз, сени зордуктайбыз” деген коркутуулар болуп жатканын айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: