“Тарапташтарымды мен чакырган жокмун. Алар менин эле тарапташтарым эмес, бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиздер болот” – деп билдирди бүгүн, 14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров пресс-конференцияда өкмөт үйүнүн жанындагы митинг тууралуу суроого жооп берип жатып.
“Анткени бүткүл кыргызстандыктар президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп талап коюп жатат. Ал эми үчүнчү талабы – Садыр Жапаровду премьер-министр болушун талап кылып жатышат. Мен пресс-конференциядан кийин президентке барып жолугам. Бул маселени бүгүн аягына чыгарабыз, өлкөдө стабилдүүлү болушу керек. Эл тынч жашашы керек. Экономикабыз түшүп кетпеши керек” – деп кошумчалады премьер-министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ