Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Садыр Жапаровго үч күндүн ичинде кызматтан кетем деп убада берген эмес. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Анын айтымында, учурда ЖМКларда жана социалдык тармактарда “Сооронбай Жээнбеков үч күндүн ичинде президенттик кызматтан кетем деп убада берген” деген маалымат көп тарап жатат.
“Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кетерин жарыялаган, бирок биз Садыр Жапаров жана анын тарапташтары кайсы үч күн жөнүндө айтып жаткандыгын түшүнбөй жатабыз”, – деп белгиледи Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө да Садыр Жапаров “10 күн өттү” деп айтканын белгиледи.
Садыр Жапаров тараптан сүйлөшүүлөргө Сооронбай Жээнбеков кетиши керек деген позицияны карманган депутаттар Талант Мамытов, Курманкул Зулушев жана Камчыбек Ташиев катышты. Президент тараптан сүйлөшүүлөргө аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, мамлекет башчынын кеңешчиси Мурат Шайымкулов, аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана пресс-катчы Толгонай Стамалиева катышты.
Мамлекет башчысынын бир дагы билдирүүсүндө жана анын басма сөз кызматынын билдирүүлөрүндө кызматтан кетүүнүн конкреттүү датасы көрсөтүлгөн эмес.
“Сооронбай Жээнбеков өлкө мыйзамдуулук жолуна түшкөндө кызматтан кетет” – деп белгиледи президенттин катчысы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ