Социалдык тармактарда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында 17 жаштагы кыздын уурдалгандыгы тууралуу маалымат пайда болду.
Колдонуучулар Мээримди “Nissan” унаасына түртүп, белгисиз тарапка алып кетишкен деп билдиришти. Бул ала качуу (никеге туруу максатында) болгон деп болжолдонууда.
Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы пайда болгон маалымат боюнча текшерүү жүрүп жаткандыгын билдирди. Учурда уурдоо боюнча билдирүү боло элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ