Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев журналисттерге президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши менен VI чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштын депутаттары ант берген учурдан тартып бүтөөрүн унутпаш керектигин билдирди.
“Алардын жаңы чакырылыштын биринчи жыйналышына чейин иштешкени мыйзамдуу. Эгерде алар өзүн-өзү таркатабыз деп жарыялашса, анда укуктук туңгуюк жана коллапс башталат. Азыр ошондой эле БШКнын редакциясы боюнча көптөгөн суроолор бар, анын негизинде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө токтом кабыл алынды” – деди ал.
“Бул менин оюмча акыркы чечим эмес” – деп кошумчалады Сариев.
Ал кырдаал 2010-жылдагы абалына кайтып келиши мүмкүн деп божомолдоодо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ