Menu

Бакыт Узенбаев, жарандык активист: “Азыркы абалыбызды Кокон ордосуна окшоштурам…”

Бөлүшүү:

– Кайра-кайра төңкөрүшкө эмне себеп жеткирет? Кандай ой жүгүртүүдөсүз?

– Улуу адамдардын айланасында, мисалы, Сталиндин жанында 1919-жылдан каза болгонуна чейин падышалык армиянын офицери, подполковник Лукашев деген болгон. Эч нерседен коркпой, Сталиндин кемчиликтерин бетине айта алган. Азыркылар катасын көзүнө көрсөтүп айта ала турган кеңешчи күтө алабы? Суроо ушул жерде жатат. Кимиси болбосун ага жакпаган сөздү, кемчилигин айта албайт. Ушул аларды кыйын кырдаалга алып келет. Ыңкылапка, качууга, отставкага жеткирет.

– Отуз жылдан бери мыкты өлкө башчысы кыргыз элинин бактысына эмнеге буюрбаганы ойлондурат…

– Бир уламышка токтолойун. Байыркы кыргыздар көчмөн турмушта жашаган мезгилде казактарга канатташ Таласпы, Көлбү, айтор, алар жайлоодон кыштоого түшкөн мезгилде бир калтар түлкү пайда болуп калганын көрүшүп, ышкыбоздор калтар түлкүнү алууга чамынышып, кыраан бүркүтүн да, алгыр тайгандарын дагы салышат. Эч кимиси ала албай, казактын мүнүшкөрүн чакырышса, казактын бүркүтү да ала албаптыр. Анан казак тууган «жаман бүркүттөр барбы?» деп суроо салат. Жаман бүркүттү алып келишсе, андан да начарын сурайт. «Баланчанын бүркүтү бар, бирок ал чычкан да ала албайт» деп ошону алып келишет. Ошол жаман бүркүттү таптап салса эле, ал калтарды алып коёт. «Атаңдын көрү, биздин кыраандар ала албаганды жаман бүркүт алдыбы?» деп таңгалышса, казак: «Эй, баурум, асылдын кадырын асыл билет. Сырттандын кадырына сырттан жетет. Жакшынын кадырына жакшы гана жетет. Бүркүттүн кырааны – бүркттүн сырттаны, алгыр – тайгандын сырттаны, калтар – түлкүнүн сырттаны. Жакшыга жакшынын колу барган жок. Ошон үчүн жаманын салдым» дейт. Анын сыңарындай, асыл адамдар акмактардын колунан каза болот же алардын интригалары жогорулатпайт. Өз уулдарын кадырлай албаган элдин кесепети көп.

– Сиздин оюңузча, төңкөрүштүн себепкери болгон шайлоо кандай өттү?

– Өзүңөр көрүп жатасыңар, өлкөдөгү төңкөрүш мыйзамды одоно бузуулардан улам жаралды. 500 миң адамдын «форма-2» менен киргизилиши – бул мыйзамды одоно бузгандык. Муну көрбөгөн көр адам дагы көрдү. Ар бир шайлоо участкадан 5 же 10 адам болушу мүмкүн эле, бирок массалык түрдө, бир айылдан бир айылга тууганы деле жок, башка улуттун өкүлүн алып барып өткөрүшү -бул акылга сыйбас иш. «Айылга аны курам, муну курам» дешип, куруп да, сатып да беришти. Бул массалык сатып алууга кирбейби? Шайлоо жокко чыгарылды. Бирок жазасын албаган кылмыш өркүндөй берет. «Шайлоо бузулду» деген менен ага күнөөкөрлөр жаза алышкан жок. Ага президент күнөөлүү болуп кетти. Ага күнөөкөр партиялардын биринин лидери Садыр Жапаровдун келишине кол коюп жатат. Бул шылдыңдоо эмеспи. Ал өз жазасын алышы керек болчу. Мыйзам боюнча айтсак, “саткандар дагы, сатып алгандар да жооп бериши керек” деген мыйзамыбыз кайда калды? Азыр алар жазасын албаса, балдардын курман болгону, элдин мээнети, тарткан азабы акталбай эле калат. Муну эч ким кечирбейт. Садыр Жапаров ушуга көңүл бурушу шарт. Анын келишинин мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын талкуулабай, Кыргызстандагы стабилдүүлүктү ойлошубуз керек. Элдин кандайдыр бир бөлүгү колдоп жатат. Талаптар аткарылбаса, бүгүнкү элдин сүйүүсү эртеңки күнү каарга айланып кетиши мүмкүн. Чоң жоопкерчилик турат. Муну аткарыш оңой эмес. Кыргызстанда бир жылдык, бир күндүк эмес, отуз жылдык чийеленишкен маселелер турат. Анын баарын чечүү, убада кылып аткаруу жагын ойлонуу шарт. Азыркы Кыргызстандын абалын ХIХ кылымдагы Кокон ордосуна окшоштуруп жатам. Ошондогу эле Абил бий, Мусулманкул, Чотон маңкалар жок болбоптур. Акаев кеткени оңолобуз дедик, анан анын айланасы Бакиевге жабышты. Андан кийин, ал кеткенден кийин деле оңолгон жокпуз. Андан бери канча өлкө башчысын алмаштырдык? Бүгүн деле өкмөт жаңыланган жок…

– Садыр Жапаров эки милдетти мойнуна алып жатат, «шайлоону бир мандатуу кылам, кыска убакыттын ичинде парламенттик, президенттик шайлоону өткөрүп берем» деди…

– Кыргызстанда бир мандаттуулукпу же партиялык системабы, чоң өзгөрүү болуп кетпейт. Отуз жыл ичинде элди бөлүп-жарып бүтүштү. Бир мандаттуулар келсе деле ачык кылбаса да жашыруун баарын сатып алышат. Уруу-урууга бөлүнмөй күч алат. Уруулардын таасири чоң болот. Анда деле жеңиш акчалуунуку. Муну жонтерим менен сездим. Жакын адамдарың деле көзүңдү карап туруп акчалуута ооп кетет. Мен айыптабайм, эл пандемиядан, карантинден, жумушсуздуктан кыйналды. Биринчи кезекте өткөн шайлоодогу күнөөкөрлөр, добуш саткандар жазаланмайынча, бир мандаттуу шайлоо болсо деле сатып алуу улана берет. Эртең «Мекенчил» деле мурдагы «Алга Кыргызстан», «Акжол», КСДП, «Биримдиктин» бирине айланат. Себеби, бизди алардын айланасындагылар ушуга көндүрүшөт. Ушуну эстерине алса деп айтат элем.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: