Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өз тарапташтарын үйүнө жөнөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.
Ал Садыр Жапаровдон шаардагы коомдук тартипти камсыздоону талап кылды.
“Урматтуу Садыр Нургожоевич тарапташтарыңызга чыгып, аларды үйүнө жөнөтүңүз”, – деди Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева сөз сүйлөп жатып, отставкага кеткен президент Сооронбай Жээнбековдун эмгегин белгилеп, өлкө аялдарынын атынан ыраазычылык билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ