Menu

Видео – Азимбек Бекназаров: “Эгерде Матраимов камалса, анда Атамбаев менен Кулматовду кошо камаш керек”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров УКМКнын жаңы башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, эл аралык деңгээлдеги коррупциялык схемалар президентсиз ишке ашпай тургандыгын айтты. Анын билдирүүсү менен видео социалдык тармактарга жарыяланган.

“Камчы иним, сен Раим Матраимов дегенди камайм деп айттың. Эгерде объективдүү калыс түрдө камайм десең, анда сен Атамбаев менен Кулматов кошо камайм деп айт. Бул эл аралык масштабдагы коррупция. А Матраимов болгону анын бир солдаты. Анын атамандары Россиянын кең талаасында жатат. 7 жыл бою аны коргоп келген Атамбаев отурат. Атамбаев 2017-жылга чейин отурда, Кулматов 2 жолу бажынын башчысы болду, а Матраимов болгону 4 орун басарынын бирөөсү. Эмне үчүн бажынын төрагасы жоопко тартылбайт? Эмне үчүн ошол кездеги преидент ушул коррупцияга жооп бербейт? А төраганын 4 орун басарынын бири жоопко тартылат. Президентсиз, бажынын төрагасыз ошол жердеги бир орун басар эл аралык масштабдагы коррупция кыла алабы? Кыла албайт. Эгерде, калыс тергөө, калыс сот өткөрөбүз десеңер, анда анын ар тараптуу, толук жүргүзүлгөнү жакшы” – деп билдирди Азимбек Бекназаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: