Бүгүн, 19-октябрга карата Кыргызстанда дагы 482 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 73, Ош шаарынан – 54, Чүй облусунан – 14, Ош облусунан – 93, Талас облусунан – 7, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 125, Баткен облусунан – 107 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 52 526га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 127 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 45 863кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 40 адам; Чүй облусунан – 6, Ош шаарынан – 10, Ош облусунан – 41, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 14, Баткен облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 1, Талас облусунан – 2.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок. Буга чейин жалпысынан 1111 адам илдеттен улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ