Бүгүн, 20-октябрга карата Кыргызстанда дагы 384 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 42, Ош шаарынан – 67, Чүй облусунан – 27, Ош облусунан – 52, Талас облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 15, Жалал-Абад облусунан – 57, Баткен облусунан – 118 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 52 910го жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 276 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 46 139га жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 37 адам; Чүй облусунан – 20, Ош шаарынан – 20, Ош облусунан – 52, Нарын облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 52, Баткен облусунан – 54, Ысык-Көл облусунан – 29, Талас облусунан – 6.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 2 учуру: Бишкек шаарынан – 1, Баткен облусунан – 1 катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1113кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ