“Бизде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарын өлкөгө кайтаруу боюнча программа бар. Бирок ал бир же эки айга эмес, 1,5-2 жылга эсептелген”, – деп билдирди Садыр Жапаров Al Jazerra English телеканалында эфирге чыккан “Разговор с…” программасындагы маектешүүдө.
«Мен буга чейин экономикалык программа жөнүндө айткам. Коррупция жок өлкөдө экономика сөзсүз түрдө өсөт. Жеке чөнтөккө түшкөн акча бюджетке түшөт. Бул бир айдын ичинде жыйынтык берет.
(Сингапурдун экс-премьер-министри) Ли Кван Юнун сөзү бар: “Эгер сиз өлкөнү туура эмес башкарсаңыз, анда билимдүү адамдар өлкөдөн чыгып кетишет”. Өлкөдөн чыгып кеткен эки миллион мигранттын арасында ири компанияларда иштеген билимдүү адамдар көп. Мен аларга кайрылам, мындан ары биздин өлкөдө тааныш-туугандар аркылуу кызматтарга орнотуу болбойт. Ушундан улам биздин билимдүү жаштарыбыз мамлекетте иштей албай, кетүүгө аргасыз болушууда. Эми аларды үйгө кайтууга чакырам”, – деди Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ