Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы директору Жолдошбек Жунушев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, камакка алуу мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин ишмердүүлүгүндөгү туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлганын билдирди.
“Мамлекеттик экотехинспекциянын жооптуу кызматкерлеринин ичинен коррупциялык чынжырдын бардык катышуучулары аныкталды. Жалпысынан алты адам, анын ичинде бөлүм башчы жана сектор башчысы, алар кылмыш жасагандыгын күнөөлөрүн мойнуна алышкан.
Сотко чейинки процесстин материалдарынын алкагында, экс-директор Жолдошбек Жунушев коррупциялык схеманы башкарып тургандыгы, ал мыйзамсыз алынган каражаттарды бөлүштүрүүдө системалуу негизде белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы аныкталды” – деп айтылат билдирүүдө.
Жолдошбек Жунушев бүгүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки процесстин алкагында керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ