Menu

Сооронбай Жээнбеков бүгүн ички иштер министри Улан Исраиловго милициянын катарын “погончон кубулмалардан” тазалоо ишин күчөтүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.

Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимине ылайык, ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын катарын милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштер менен шугулданган, а түгүл кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңги заттарын мыйзамсыз айлантууга байланышкан кылмыштарга аралашкан кызматкерлерден тазалоо боюнча жумушту күчөтүү милдетин койду. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы ички иштер органдарын реформалоого байланыштуу бардык иш-чараларды аягына чыгарууну тапшырды.

Ал Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн акыркы социологиялык изилдөөлөрдүн тыянактары боюнча коррупция жана жумушсуздук коомду өзгөчө түйшөлткөн көйгөйлөргө айланганын, бул сурамжылоолордо ички иштер органдары алдыңкы катарда экенин эскертти.

«Силердин алдыңарда коррупцияны жоюу боюнча олуттуу милдет турат”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана министр Улан Исраиловго милициянын катарын “погончон кубулмалардан”  тазалоо ишин күчөтүүнү жана өлкөдө кылмыштуулук менен күрөштү активдештирүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: