Menu

Кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүгө Садыр Жапаровдун эрки жетеби?

Бөлүшүү:

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын айтып, кылмыштуу топтор менен курөшуугө даяр экенин билдирген. Кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүгө Садыр Жапаровдун эрки жетеби? Бул тууралуу саясатчылардын оюн уктук.

Махабат Мавлянова, ЖКнын депутаты:

– Үмүт менен адам жашаган жакшы, жыйынтык көрсөтөт деп үмүттөнүп туралы. Бирок, түп тамыры менен жоготуп ийет дегенге көзүм жетпейт.

Карганбек Самаков, саясатчы:

– Уюшкан кылмыштуу топ десе эле көпчүлүк бандиттерди түшүнүшөт. Коомго эң жаман уюшкан кылмыштуу топтор булар бийлик бутагындагы -депутаттар, министрлер, соттор, тергөөчүлөр мына ушуларды люстрация кылып, элдин алдына алып чыгып соттош керек. Антпесе, эл ишенбейт.

Бектур Асанов, саясатчы:

– Райым азыр деле бийликте. Муну эске алышыбыз керек. Мен бул бийликке «Силер менен кызматташпайм, себеби, силер Райым менен Көлбаевдин өнөктөшүсүңөр» дедим. Райым качып кеткен болсо анын схемасын ишке ашырып жаткан 10-15 кишини камабаса, Көлбаевге, уюшкан кылмыштуу топторго каршы мыйзамды алып келишпесе анда бул бийлик да ошолордун бийлиги болуп калат. Бул бийликтин коркунучтуу жери – мурдагы бийлик кылмыштуу топтор менен өнөктөш болсо, азыркылар «уюшкан кьшмыштуу топторду жанчып туруп бийлик да, ОПГ да өзүбүз болобуз» деп жатат». Азыркы бийликтин жарымы өздөрү ОПГ.

Темирлан Сарлыкбек уулу, саясатчы:

– Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун айткан ар бир убадасына ишенгим келет. Азырынча ишенгим келет, бирок ишенүүгө эрте. Себеби, кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү өтө татаал нерсе. Өзгөчө биздей чакан өлкөлөр үчүн өтө татаал. Кылмыш дүйнөсү асмандан түшүп калган эмес да, бирибиздин агасы, бирибиздин тагасы, бирибиздин досу дегендей. Анын үстүнө мамлекеттик мекемелер менен дагы тыгыз иштешкен, көп учурда бирин-бири колдоп келген кылмыш дүйнөсү жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Ошону менен бирге кылмыштуулук менен күрөшүү эки-үч кьшмышкерди камап салуу менен чектелбейт. Кылмыштуулукту жоюп салуу үчүн анын булагын бууп салуу керек. Булагы албетте билимсиздик, маданиятсыздык, жумушсуздук, жакырчылык, келечекке болгон ишенимсиздик. Кылмыштуулук менен күрөшүү көп жылдарды алат. С.Жапаров мырза албетте жакшы жышаанды баштап берсе колунан келсе керек.

Турсунбек Акун, укук коргоочу:

– Садыр Жарапов ошол уюшкан кылмыштуу топтордун азабынан куугунтукка алынып чет элге кетүүгө мажбур болгонун билебиз. Премьердин чечкиндүү жагы бар. Ошондуктан ишеним бар. Ушунча элдин колдоосун алгандан кийин бул ишти милдеттүү түрдө жасаш керек. Эл азыр жаңы бийликтен чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат.

Искендер Гаипкулов, ЖКнын депутаты:

– Убакыт көрсөтөт. Бүгүн элдин талабы ушул болуп жатат менимче күч аракетин ишке ашырганга жасайт, себеби алдыда шайлоо турат эл ошого карап баа берет.

Эмил Токтошев, ЖКнын депутаты:

– Садыр Жапаровдун азыр колунда эбегейсиз бийлик бар. Криминалдар менен күрөшүүгө эрк эле керек. Грузияда бир күндө кубалап, кетпегенин камап салышкан. Убакыт көргөзөт кандай күрөшөөрүн.

Гүлмира Шаршеева

Булак: “Факты.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: