Menu

Милиция издөө салат: Ноокен районунун 57 жаштагы тургуну Орозалы Ахмедов эки жумадан бери дайынсыз болууда

Бөлүшүү:

Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну 1963-жылы туулган Ахмедов Орозалы Абдыкахарович өзү жашаган үйүнөн 2020-жылдын 7-октябрь күнү саат 20:00 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Ахмедов Орозалы Абдыкахаровичдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, өңү кара тору, чачы кыска ак чач аралашкан, маңдайкы үстүңкү тиштери түшүп калган.

Кийген кийимдери: Көгүш түстөгү спорттук кийим, көгүш түстөгү джинсы шым, кара түстөгү кроссовки.

Дайынсыз болуп жаткан Ахмедов Орозалы Абдыкахарович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тел.: (03734) 5-05-44, 0772 10 10 49, 0551 75 00 91, 0709 42 65 28.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: