Бүгүн, 21-октябрга карата Кыргызстанда дагы 549 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 125, Ош шаарынан – 37, Чүй облусунан – 53, Ош облусунан – 82, Нарын облусунан – 4, Талас облусунан – 10, Ысык-Көл облусунан – 24, Жалал-Абад облусунан – 117, Баткен облусунан – 97 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 53 459га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 305 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 46 444кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 39 адам; Чүй облусунан – 22, Ош шаарынан – 11, Ош облусунан – 78, Нарын облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 99, Баткен облусунан – 30, Ысык-Көл облусунан – 16, Талас облусунан – 7.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 5 учуру: Бишкек шаарынан – 3, Баткен облусунан – 2 катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1118ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ