Menu

Өмүрбек Текебаев: “Президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү менен биз Түркмөнстанга айланабыз”

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк тажрыйбада кризистен азыркы Конституция менен чыгуу керек деп айтылат. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда ЖКнын жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.

“Мен бардык кыргыз саясатчыларын билем. Ким эмне жөнүндө ойлонуп жаткандыгын, ким эмне үчүн сүйлөп жатканын жана эмне үчүн унчукпай отургандыгын да билем. Мен гана эмес, билер дагы бардыгын билесиң. Урматтуу төрага, депутаттар ант бергенден кийин, ыйгарым укуктарына киришет. Азыр эки коллегабыз ант бергени турат. Президент ант бергенден кийин ыйгарым укугуна киришет, ага чейин ал аны аткара албайт. Соттор ант бергенден кийин сот болуп эсептелинет Ант бергенге чейин андай бийик, жооптуу кызмат эч кимге берилбейт. Өкмөт кечиктирилбестен 2 жуманын ичинде ант берсин деп Конституцияда жазылып турат. Ушундай кыйын кезде жооптуу чечимдерди кабыл алган өкмөт эмне үчүн Конституцияга колун коюп, элдин алдында ант берген жок?” – деп суроо салды Текебаев.

Текебаев эгерде президент кызматтан кеткенден кийин жети күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалбаса, анда БШК аны 8-күнү дайындай турганын белгиледи.

“2 көз караш бар. Шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүп, жаңы келген депутаттар элге берген убадасын аткарып, конституциялык реформаны баштай берсин деген бир тарап турат. Экинчиси, шайлоо өткөрбөйлүк, ар кандай шылтоо менен үзгүлтүккө учураталык, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап турат.  Мен силерге кепилдик менен айтам, бул күн да өтөт, президенттик шайлоо да келет. Мен адамдардын мүнөзүн билем, эмнеге жөндөмдүү экенин билем, силер деле (депутаттар) билип калдыңар. Эгерде ошол система өтүп кала турган болсо, бизде Өзбекстан эмес, Казакстан да эмес, Түркмөнстан болот. Мына биз азыр көз каранды эмеспиз деп сыймыктанабыз, эгерде андай тартип келе турган болсо, мен элге да жоопкерчилик менен айта алам, Түркмөнстандын парламентиндей болуп жүгүнүп туруп кол чаап турасыңар. Жүгүп кол чаба тургандар бар арабызда. Бул келет, келе жатат. Эки жол бар, тандап алгыла эл-журт, парламент” – деди Текебаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: