Menu

Өзбекстанда өзүнө өрт койгон аялдын талаштуу үйү зекет катары балдарына берилди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Наманган облусунда өзүнө өрт коюп каза болгон аялдын күйөөсү талаштуу үйдөн баш тартып, аны балдарына зекет катары берди.

Жергиликтүү маале жыйынынын мөөрү басылган актыда Ахадхон Жураев калаа бийлиги бөлүп берген жер тилкесинин ордуна талаштуу жерди зекет катары маркум аялы Гуланда Дедабаева экөөнүн балдарына берүүгө макул болгону жазылган.

Бирок Гуланданын апасы Мухаббат Дедабаева бул документке кол койбогонун, үйдү алар 13 миң долларга сатып алышканын айтууда.

«Үйдү зекет катары бердик дегени мыйзамдуубу? Биз аны 13 миң долларга сатып алганбыз. Прокурор, аким жана милиция башчысы муфтийдин ролун аткарып жатабы? Булардын аракети мыйзамга туура келбейт. Өзүбүздүн үйүбүздү кантип зекет кылып берсин? Анда эмнеге кызымды өзүнө өрт коюуга аргасыз кылышты эле?» – деди Дедабаева.

Анын адвокаты Анваржон Исматов маале жыйынында кабыл алынган актынын юридикалык күчү жок экенин билдирди.

«Мыйзамда үйдү зекет катары берүү деген түшүнүк жок. Актыдагы маале жыйынынын мөөрү мүлккө ээлик кылуу укугу тууралуу соттун чечимин жокко чыгара албайт. Мамлекеттик органдар үйдү бул актынын негизинде каттоого алышпайт. Маселени чечүү үчүн сот жаңы чечим чыгарышы керек», — деди адвокат.

Наманган облусунун Чартак районунда жашаган 35 жаштагы Гуланда Дедабаева быйыл 29-сентябрда өзүнө өрт койгон. Ал мындай кадамга Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери эрежеге жете элек эки баласы менен үйдөн чыгаруу үчүн келгенде барган. Дедабаева 30-сентябрда ооруканада каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында анын денесинин 90% күйүп калганы аныкталган.

Ага чейин «Озодлик» радиосу Дедабаева үйдү эки жыл мурда 13 миң долларга сатып алганын, бирок тиешелүү мамлекеттик органдар аны каттоого алуудан баш тартканын кабарлаган.

Наманган шаардык сотунун өкүмүндө үйдү Гуланда Дедабаевага Ахадхон Жураевдин туугандарынын бири жасалма документтердин негизинде сатып жибергени жазылган.

9-июнда үйдү алдамчылык жол менен саткан адам кармалып, 4 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Өкүмгө ылайык, ал үч айдын ичинде Дедабаевага 131 миллион сум төлөп бериши керек болчу.

Бул факты боюнча Наманган шаардык прокуратурасы тарабынан «Өмүрүнө кол салууга жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: