Menu

Алматыда саясий реформаларды талап кылгандар митинг өткөрүштү

Бөлүшүү:

Ишемби күнү Алматы шаарында бийликтен саясий куугунтукту токтотууну жана саясий реформаларды жасоону талап кылган жарандар митинг өткөрүштү.

Бийлик уруксат берген акциянын башында уюштуруучулар өлкөнүн ар кайсы шаарларында кармалган, камалган жана айыппулга жыгылган, ошондой эле абакта каза болгон ондогон адамдын аты-жөнү жазылган тизмени окушту.

500 адамга деп уруксат алынган митинг Чокан Валиханов скверининин маңдайында, Илимдер академиясынын алдында өттү. Катышуучулардын көбү Казакстандын желегин, укук коргоочулар саясий туткун деп тапкан адамдардын сүрөттөрүн кармап чыгышты.

Митингде коомдук ишмерлер, журналисттер жана саясатчылар сөз сүйлөштү. Анын ичинде парламентке аралаш шайлоо системасын киргизүүнү, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жетектеген Казакстандын Коопсуздук кеңешин реформалоону, парламенттик шайлоону калыс өткөрүүнү талап кылгандар болду.

Митингдин соңунда саясий реформаларды жасоо жана саясий куугунтукту токтотуу талаптары жазылган резолюция кабыл алынды.

https://rus.azattyq.org/a/30923001.html

Бул митингдин алдында Казакстандын түрдүү шаарларында активисттер кармалып, үйлөрү тинтүүгө алынган. Активисттер аларды коркутуу болгонун, милицияга суракка чакырылганын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: