“Айымдар кыймылы” коомдук бирикмесинен онго жакын аял “Ак үйдүн” жанында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты.
Коомдук бирикменин башчысы Нургүл Кожомбердиева айткандай, алар мындай кадамга өлкөдөгү мыйзамсыздыктын уланып жаткандыгына байланыштуу чыгышкан. Алар Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы.
“Биз Конституцияны өзү үчүн өзгөртүү үчүн бийликке келгендердин баарына каршыбыз. Биз Бакиевдердин кайрадан бийликке келишине каршыбыз” деди ал.
Дагы бир жаран Кой-Таш окуялары боюнча ачык сот процесстерин талап кылып жаткандыгын айтса, үчүнчүсү парламенттик шайлоону жылдырууга каршы экендигин билдирди.
“Биз боз үй тигип, мөөнөтсүз ачкачылык жарыялай баштадык эле, бирок бизди кубалап чыгышты”, – деп нааразы болду ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ