Menu

Садыр Жапаров: Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз

Бөлүшүү:

Мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна биз ар дайым өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен районундагы Көк-Таш – Тамдык жана Ак-Сай – Рават автожолдорунун курулуш менен таанышкан учурда билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигин маалыматы боюнча, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт. Анын 23,5 километри салынып бүттү.

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушун көрүп чыгып, бул каттамдын чектеш аймак үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Жолдун бүткөрүлүшү менен Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарына Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа жолу болорун кошумчалады.

Ошондой эле Садыр Жапаров Аксай-Рават жолунун курулушу менен таанышты. Аталган каттам Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарына Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа каттамын камсыз кылуу максатында курулууда.

Муну менен катар Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын байланыштырган көпүрөнүн курулушун көрдү.

Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министрге жергиликтүү калк үчүн аталган көпүрөнүн мааниси чоң экенин айтып, анын курулушу 2020-жылдын аягында бүтөрү боюнча маалымат берди.

Садыр Жапаров курулуп жаткан жолдордун сапатына өзгөчө көзөмөлдөө тапшырмасын берди. Муну менен катар Баткен элинин акыбалы, чек арадагы каармандыгы өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын баса белгиледи.

«Элдин жашоосу, чоңдордун бул аймакка дээрлик аз келиши, бүтпөгөн чек ара чырлары – менин көңүл чордонумда дайыма турат. Баткен – Кыргызстандын картасындагы эң алыскы жана 2 мамлекет менен чектешкен саясий стратегиялык аймак. Ошондуктан мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз», – деди Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: