Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
2020-жылы Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгы белгиленүүдө. Өздөрүнүн кесиптик майрамына карата ички иштер органдарынын өздүк курамы жакшы жыйынтыктарга ээ болушууда.
Ушул жылы милициянын бардык күч-аракети коомдук коопсуздукту камсыздоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, укук бузууларды алдын алууга, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө жумшалган.
Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар бир нече топтор кармалган.
Бишкекте банктарды тоногон кылмыштуу топ кармалган.
Ошондой эле, баңгизатты таратуучулар кармалып, ири көлөмдөгү баңгизаттар табылып алынган.
Андан сырткары республика боюнча миңдеген кылмыштардын бети ачылган.
“Бардыгыбыз үчүн жана анын ичинде милиция үчүн 2020-жыл жетишерлик оор болду. Коронавирус илдети ички иштер органдарынын бөлүктөрүн уюштуруулук ишине жана жумушунун режимине өзгөртүүлөрдү киргизди. Өлкөдө киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаал маалында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик уюмдар менен биргеликте ынтымакта иштешип, биздин жарандардын ден соолугун жана өмүрүн, коопсуздугун сактоого, коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүүгө өз салымдарын кошушту”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ