Menu

Видео – ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалоого шектелген жаранды кармашты

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери
опузалоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери криминалдык чөйрөдө белгилүү болгон мурда соттолгон отуз төрт жаштагы жаранды кармашкан.

Ал опузалоо жасоого, башка бирөөнүн мүлкүн коркутуу менен тартып алууга  шектелүүдө.

Ушул жылдын 20-октябрь күнү Ош облусунун аймагында жергиликтүү жашоочулардын акча каражаты менен мүлктөрүн талап кылууга  байланышкан укукка каршы аракеттерге тиешеси бар шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Жакында ички иштер органдарына жергиликтүү жашоочу анын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп берүү суранычы менен кайрылган.

Арызында бир нече айдан бери криминалдык авторитет коркутуу жолу менен  100 миң сом жана жер тилкесин талап кылып жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Опуза талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Суу районунун аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында,  талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 10 миң сомду  накталай алып жаткан жеринен мурда соттолгон Ош облусунун жашоочусу Ж.У. кармалган.

Бул акча каражаты далил катары алынган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча  кармалган жаран Ж.У. Россия Федерациясында каракчылык менен соттолгон. “Положенец” макамына ээ.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: