Menu

Казакстанда өткөн суткада 141 кишиден коронавирус табылды

Бөлүшүү:

Акыркы суткада Казакстанда коронавирустун ПЧР-тест менен аныкталган 141 жаңы учуру катталды.

Чыгыш Казакстан облусунда 21, Караганда облусунда 16, Нур-Султан шаарында 15, Атырау жана Павлодар облустарында 12ден, Алматы облусу менен Алматы шаарында 11ден киши вирус жуктуруп алган. Калган аймактарда бир суткада катталган жаңы учурлар 10дон ашкан жок.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандар 109 907 кишиге жетип, алардын 105 385и айыгып чыкты.

1-августтан тартып Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги ПЧР-тести таза чыгып, бирок коронавирустун белгилери бар бейтаптарды өзүнчө эсептей баштаган. Андан бери «коронавирустук пневмония» деген диагноз коюлуп жаткан мындай бейтаптардын саны 36 200гө жетип, кеминде 388и каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: