Парламент “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын айрым ченемдеринин иштөөсүн токтото турган мыйзам долбоорун кабыл алды. “Макул” деген добушту 83 эл өкүлү берди.
Долбоор бир эле учурда үч окууда кабыл алынгандыгы белгилүү болду.
Эми, мыйзам долбооруна ылайык, парламенттик шайлоо конституциялык реформадан кийин өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 2021-жылдын июнь айына чейин иш алып барат.
Бул өзгөртүүлөр 2021-жылдын 10-январында өтүүчү президенттик шайлоого тиешеси жок. Бул тууралуу шайлоону жылдыруу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, президенттик шайлоо учурдагы Конституциянын алкагында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ